8- Декабрь 1934 -жылы
Советтик жана орусиялык актриса Алиса Фрейндлих туулган
Орусиялык жана советтик актриса Алиса Фрейндлих же "Кызматтагы сүйүү" комедиясындагы кагаздан башы көтөрүлбөгөн, иши чачтан көп Людмила Калугина 1934-жылы 8-декабрда Санкт-Петербург шаарында туулган.
Ал кичинесинен опера ырчысы болууну кыялданган. Бирок театралдык окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң актрисалык кесиптин ээси болууну чечкен. Алгач театрда эмгектенип жүрүп, 1955-жылдан тарта тасмалардын эпизоддоруна тартыла баштаган. Бирок баш-оту менен театрга берилип кеткендиктен, көптөгөн долбоорлорго катышуудан баш тартчу.
1976-жылы "Кызматтагы сүйүү" тасмасына баш каармандын образын жаратуу сунушун кабыл алган. Фильм жарыкка чыгары менен популярдуу болуп, жалпысынан 58 миллиондон ашуун көрүүчү топтогон. Анын ушул кезге чейин аткарган тасмадагы жана театрдагы ролдорунун бири да "Кызматтагы сүйүүнүн" ийгилигин кайталай алган эмес.
Жогоруда аталган тасмадан сырткары "Үй-бүлөлүк бакыт", "Менин жашоом", "3 жыл", "Айымдардын логикасы" жана башка бир нече фильмдерге тартылган. Мыкты образдары менен элдин сүймөнчүгүнө айланган актриса маданиятка кошкон салымы үчүн бир канча сыйлыктарга татыктуу болгон.
Актриса 3 жолу турмушка чыгып, 1 кыздуу болгон. Кызы Варвара Владимирова эне жолун жолдоп, актрисалык кесипти аркалап келет.