12- Январь 1985 -жылы
Төкмө акын Идирис Айтбаев туулган
Төкмө акын Идирис Айтбаев 1985-жылы, 12-январда Өзбекстандын Андижан шаарында туулган. 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган.