17- Январь 1978 -жылы
ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев төрөлгөн
Мактагысы келген адамын чегине жеткире көкөлөтүп, сындыргысы келген адамды эки ооз сөз менен өз ордуна коюп койгон, төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда туулган.
Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып манас айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.
Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырларын билбеген адам болбосо керек. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.