21- Февраль 1990 -жылы Корей актёру Кан Ха Ныль төрөлгөн
1990-жылы туулган Кан Ха Ныль кино аянтчасындагы карьерасын 2007-жылы баштаган. Ага чейин актёрлуктун даамын театр сахнасынан татып, 7-класста окуган мезгилинде эле пьесада ойногон. Бул жолду тандоого ата-энесинин театрда актёр болгондугу себеп болгон. Көрөрмандарга 2011-жылы чыккан "Сен менин жандыгымсың" тасмасы аркылуу таанылган. Ал эми "Мураскерлер" сериалындагы ролу атактуулугун арттырган. Ошондой эле ийгиликтүү дорамалардын ичинен "Корё: Кызыл жүрөктөр" (2016-жыл), "Мисэң" (2014-жыл), "Периштенин көздөрү" (2014-жыл), ал эми тасмалардан "Жыйырма" (2014-жыл), "Жаш полиция кызматкерлери" (2017-жыл), "Кайра угууну" (2017-жыл) белгилөөгө болот. Ар бир ойногон ролун баалагандыктан маектеринин биринде "фильмографияны карап, аны өпкүлөп салгым келет" деп айткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан