Ырчы Айбек Замирбек уулу 1987-жылы 6-мартта Бишкек шаарында туулган. Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замирбек Сооронбаев менен Эмгек сиңирген актриса Калича Сейдалиеванын уулу. Үй-бүлөдө 2 бир тууган. "Жаңы толкун-2011" сынагына ырчы Арсен менен бирге катышып, 4-орунга ээ болушкан.