18- Май 2002 -жылы 15 жашында Олимпиаданы багынткан Алина Загитова төрөлгөн
Алина Загитова 2002-жылы 18-майда Орусиянын Ижевск шаарында туулган. Атасы хоккей боюнча машыктыруучу, сиңдиси муз үстүндө бийчи. Кичинекей Алина муз үстүнө бийлөөгө алгач 4 жашында келген. 2008-2014-жылдары Ижевсктеги спорттук мектепте машыктыруучу Наталья Антипинанын алдында тарбияланган. 2015-жылы Москвага барып, орусиянын мыкты машыктыруучусу Этери Тутберидзенин шакирти болот. 2016-жылы январь айында Алина Загитова алгачкы мелдешине катышат. Анда Челябинск шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Орусиянын чемпиондугунда 9-орунду ээлеген. Август айында Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешинде 1-орунду ээлеп, октябрда Орусия кубогунун 3-этабын жеңсе, бир айдан кийин Орусия кубогунун 4-этабын жеңип алат. Декабрь айында кайрадан Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешин жеңип алып, муз үстүндө бийлөө боюнча Орусиянын биринчилигинде 2-орунга ээ болуп калат да анда Загитова Евгения Медведевага жеңилип калат. 2017-жыл Алина Загитова үчүн абдан ийгиликтүү болгон, анда Загитова февраль айында өспүрүмдөр арасындагы Орусия биринчилигинде жеңишке жетип, Туркияда өткөн Европанын өспүрүмдөр арасындагы олимпиадалык фестивалында жеңүүчү болгон. Март айында Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алат. Сентябрь, ноябрь жана декабрь айларында Италия, Кытай, Франция жана Японияда өткөн Гран-При мелдештеринде чемпиондукту камсыздап, декабрь айында Евгения Медведевадан ашып Орусиянын чемпиону болот. 2018-жылдын алгачкы айында эле Загитова Европа чемпиондугунда жеңишке жетип, февралда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык жарышта күмүш медалды жеңип, жеке жарышта алтын медалды багындырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан