15- Март 1971 -жылы
актёр Азиз Бейшеналиев туулган
Кыргыздын чыгаан актёру Болот Бейшеналиевдин уулу, учурда кыргыз элине гана эмес, боордош казак бир туугандарга, орус элине да аты кеңири таанымал актёр Азиз Бейшеналиев 1971-жылы 15-мартта Бишкек шаарында туулган. 1989-1992-жылдары Ташкент мамлекеттик университетинин чыгыш тилдери бөлүмүндө билим алган. 1996-жылы Ташкенттеги актёрлук боюнча мектеп-студиясын аяктаган. Ал эми 1994-1997-жылдары аталган шаардагы \"Лик\" театрында эмгектенген. Казак, орус тасмаларынын жылдызы болгон актёр "Параграф 78", "Көчмөндөр" сыяктуу атактуу тасмалардан улам көпчүлүккө кеңири таанылган.