16- Март 1986 -жылы  актриса Асел Чоткараева туулган
“Министрдин кызынын махабаты”, “Дудук кыз” тасмаларында баш каармандын ролун аткарып, актриса катары таанылган Асел Чоткараева 1986-жылы 16-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу балалыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Ал Бишкек шаарындагы №52 мектепте 9-класска чейин окуган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссёрлук боюнча билим алган. Ошондой эле ал кыска документалдуу тасмаларды тартып жүрөт. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын мээримдүү апасы. Кыргыз Эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын келини. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан