Башкы прокурор Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
2002-2003-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондусунун "Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам" долбоорунда юрист-кеңешчиси;
2003-2005-жылдары "Манас" эл аралык аэропортунун юрист-кеңешчиси;
2005-2006-жылдары "Компаньон" финансы тобу" чакан насыя компаниясынын юристи;
2006-2008-жылдары "ДЭКА" ЖАКсынын аткаруучу директору, юристи;
2008-2009-жылдары президенттик аппараттын администрациясынын укук бөлүмүндө сот органдары секторунун эксперти;
2009-жылы президенттик аппараттын администрациясынын саясат укугу бөлүмүндө укук анализи жана экспертиза секторунун бөлүм башчысы;
2009-2010-жылдары Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;
2010-2011-жылдары президенттик аппаратта укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2011-2015-жылдары президенттик аппаратта сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;
2015-2018-жылдары башкы прокурор.