12- Апрель 1964 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров 1964-жылдын 12-апрелинде Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында төрөлгөн. Ал 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин география адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1986-жылы Пржевальск институтунун Ботаника жана химия кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1987-1992-жылдары Ысык-Көл ОБЛКСМда инструктору;
1992-2005-жылдары “Айым Галф” ЖЧКсынын коммерциялык директору;
2005-2007-жылдары “Трэвел Альянс групп” ЖЧКсынын директору;
2007-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.