20- Апрель 1960 -жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, режиссёр Алымкул Исаков туулган
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр, Советбек Жумадылов жана Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык театр сыйлыктарынын ээси, Кыргыз мамлекетинин театр ишмерлер союзунун академиги Алымкул Исаков 1960-жылы, 20-апрелде, Ноокат районуна караштуу Күнгөй-Кожоке айылында, кызматчынын үйүндө туулган. 1977-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Островский атындагы Ташкент театралдык институтуна тапшырып, "Театр жана кино" актёрлук факультетинде профессор Иогельсендин классында билим алган. 1979-жылы Алматыдагы мамлекеттик театралдык институнунун актёрлук факультетине которулуп, СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Букееванын жана Казак ССРинин эл артисти Нурмухан Жантуриндин классынан билимин өркүндөткөн. 1981-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүп, Ош кыргыз драма театрына актёр болуп орношкон. Ошондон тартып, Ош кыргыз драма театрында актёр, 2001-жылдан 2008-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин студенттик элдик театрында, Алай музыкалык драма театрында жана Ноокат элдик театрында режиссёр катары үзүрлүү эмгектенген. Бул жылдары Алымкул Исаков 80ден ашуун образдарды профессионалдык деңгээлде сахнада жаратты. 2002-жылы ОшМУда режиссёр катары койгон "Окуя" спектакли эл аралык студенттик театрлар фестивалында 1-орунду жеңип алган. 2004-жылы Кыргыздын театр искусттвосуна өзгөчө сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн, театр жана кино актёру Кыргыз Республикасынын эл артисти Советбек Жумадылов атындагы сыйлыктын тунгуч лауреаты болгон. 2005-жылы түштүк аймактык "Алымбек Датка-2005" 3-фестивалында А.Исаковдун режиссёр катары 4 чыгармасы биринчи жана алдынкы орундарды жеңип алган. Ошондой эле "Тор", "Кууш жолдо", "Арман", "Боз балдар", "Селкинчек", "Эртең атамдын туулган күнү", "Дарс", "Курманжан Датка", "Исхак Раззаков", "Каражолтой" тасмаларында ролдорду жараткан. 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Бүгүнкү күндө ОУДТда режиссер, актёр, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрында директор жана Кыргыз мамлекетинин театр ишмерлери союзунун башкармалыгынын Түштүк региону боюнча координатору катары үзүрлүү эмгектенип келет. 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин театр ишмерлер союзунун академиясынын академиги жана Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык театр сыйлыгынын ээси болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан