16- Апрель 1958 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова 1958-жылы 16-апрелде Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн. Ал 1979-жылы Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика боюнча адистикке ээ болгон. 1989-жылы Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында окуган. Эмгек жолун 1979-жылы Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1980-1985-жылдары Баткен райондук комсомол комитетинин алгач үчүнчү, кийин биринчи катчысы; 1985-1987-жылдары аталган райондун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин катчысы;
1987-1989-жылдары Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу;
1989-1991-жылдары Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы; 
1991-1995-жылдары Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары; 
1995-1999-жылдары Баткен районундагы "Теремок" бала бакчасынын башчысы;  
1999-2000-жылдары Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы; 
2001-2010-жылдары "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун Баткен облусундагы аймактык өкүлү; 
2010-жылы Жогорку Кеңешинин депутаты; 
2010-жылы Баткен облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу;  
2010-жылы Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу; 
2011-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары; 
2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан