18- Апрель 1974 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев төрөлгөн
Эмил Токтошев 1974-жылы 18-апрелде Ош шаарында туулган. Ал 1997-жылы Архитектура жана курулуш институтун бүтүп, инженер адистигине ээ болгон. 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин менеджмент адистигин бүтүргөн.
1991-1992-жылдары В.И. Ленин атындагы заводунда иштеген.
1992-1994-жылдары “Эрна” фирмасынын бухгалтердик кызматында эмгектенген.
1999-2008-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.
2008-жылы "Бай Элим Компани" ЖЧКсынын директору болгон.
2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттыгына шайланган. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.