Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевич 1968-жылдын 20-январында Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Ал 1994-жылы Айыл чарба институтунун агрономикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.
1994-1995-жылдары - "Кыргызстан" финансылык-агро өнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
1995-1997-жылдары - "Ажар" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
1997-1998-жылдары - өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999-жылдары - Биринчи Май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы;
1999-2003-жылдары - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-жылы Социалдык фонддун Ички аудит башкармалыгынын башчысы;
2003-2007-жылдары - Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
2007-2009-жылдары - Социалдык фонддун аппарат башчысы;
2009-2010-жылдары - Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
2010-2016-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;
2016-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
2017-жылдын август, сентябрь айларында - президенттин кеңешчиси;
2017-2018-жылдары - президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары;
2018-жылдын 16-мартынан тарта 19-апрелине чейин президенттик аппараттын башчысы;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта премьер-министр.
Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.
Мухаммедкалый Абылгазиев башында "Мухамметкалый Абулгазиев" болуп, кийин аты-жөнүн өзгөрткөн.