4- Январь 1971 -жылы
УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов туулган
Кадыркулов Идрис Анарбекович 1971-жылы 4-январда Чүй облусунун Сокулук районунун Кашка-Суу айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Экономика жана башкарууну уюштуруу" кесиби боюнча бүтүргөн. 2015-жылы Президент алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясын "Мамлекеттик саясат жана башкаруу" кесиби боюнча магистратураны бүтүргөн.
Эмгек тажрыйбасын 1994-жылы ИИМдин атайын кызматынын кызматкери болуп баштаган. Ал жерде 1998-жылга чейин иштеген. 2002-жылга чейин УКМКнын аймактык бөлүмдөрдүн ыкчам кызматкери болгон.
2002-2015-жылдары УКМКнын Бишкек шаары, Чүй жана Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарын ээлеген жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысынын орун басары болгон.
2016-жылдын 13-январында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. Ошол эле жылдын июль айында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.
2018-жылдын 7-апрелинде УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалган.