Эмгек жолу:
Эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарындагы "Алай" машина куруу заводунда мастер болуп иштөөдөн баштаган. Аталган заводдун өндүрүш цехинин начальнигинин орун басары, начальниги кызматын аркалаган.
1996-жылдан тарта – ички иштер органдарынын кызматкери.
2000-жылы Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Андан соң ИИБ коомдук түзүлүштөр менен байланышуу бөлүмүнүн, ИИБ 9-бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон.
2011-жылдын 15-апрелинен 2012-жылдын 1-февралына дейре Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги.
2012-жылдын 1-февралында – Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчисинин – губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2012-жылдан 2016-жылга чейин — Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү;
2016-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылдын октябрына чейин вице-премьер-министр;
2017-жылдын август айынан тартып октябрь айына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы;
2017-жылдын 26-октябрынан тартып президенттин кеңешчиси;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр.
Кошумча маалымат: