10- Сентябрь 1973 -жылы Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова туулган
Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна 1973-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине караштуу Магистратура жана аспирантура борборунда "Юриспруденция" тармагында магистирдик акедемиялык даражасына ээ болгон.
Эмгек жолун 1996-жылы "Эридан" ишканасында иштөө менен баштаган.
2000-2003-жылдары "Урмат-Интер" ЖЧКсынын директору, 2005-2008-жылдары "Тур-Трест" ЖЧКсынын директору болуп иштеген.
2009-жылдын июль 2010-жылдын апрель аралыгында Аламүдүн районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын юристи, 2010-жылдын апрелинде Бишкек башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кенештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2011-жылдын депутаттын ыйгарым укугун тапшырып, Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу, 2013-жылдын сентябрында Свердлов районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2015-жылдын апрелинде Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, андан соң Бишкек шаарынын вице-мэринин кызмат ордуна дайындалган.
2015-жылдын октябрында "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кенештин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2018-жылдын 20-апрелинен тарта - социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр.
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан