11- Октябрь 1975 -жылы Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров туулган
Аскаров Замирбек Марипбаевич 1975-жылдын 11-октябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин География адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" адистигин бүткөн.
Эмгек жолу:
1999-2005-жылдары — Ош мамлекеттик университетинин мугалими, жаштар комитетинин төрагасы;
2002-2006-жылдары — Ош шаардык туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы;
2006-2012-жылдары — Ош шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы;
2012-2013-жылдары — Ноокат районунун акими;
2014-2018-жылдары Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр.
Сыйлыктары жана наамдары:
— Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлигинин ардак грамотасы;
— Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги;
— Билим берүүнүн отличниги төш белгиси;
— Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
— "Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан