23- Апрель 1980 -жылы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов төрөлгөн
Султанов Семетей Алымбаевич 1980-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында туулган. 
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинин Экономикалык факультетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасын Финансы министрлигинин Кирешелер боюнча комитетинде кызматкер болуп баштаган. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунда, "Газпром Нефть Азия" компаниясында түрдүү кызматтарда эмгектенген.
Семетей Султанов футболду жаш кезинен бери ойнойт, 1985-1993-жылдары "Семетей-80" командасында оң коргоочу болуп ойногон. 1998-2004-жылдары мини-футбол боюнча "Кани" командасында ойноп, өлкөнүн чемпиону болгон.
2012-жылы август айында футболду өнүктүрүү боюнча коомдук фондун түзүп, анын президенти болгон. 
2012-жылы декабрь айында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган. 2019-жылдын январь айында өз каалоосу менен федерациянын президенттигинен кеткен.
Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан