5- Январь 1954 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, аткаруучу жана обончу Жаныш Кочкоров төрөлгөн
Жаныш Кочкоров 1954-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мал-Калды айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң 1971-жылдан баштап Токмок шаарындагы Маданият техникумунда билим алган. Аны бүткөн соң Хабаровск шаарында аскердик кызматын өтөп келип, Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө иштеп калган. Чыгармачылыкка студенттик курагында аралаша баштаган. Эң алгачкы обону - "Сагындырба". Андан кийин "Караймын дайым жолуңду", "Эгерде болсо чын сүйүү", "Жеңеме" деген обондорду чыгарган. Булардын ичинен элге эрте тараганы "Жеңеме" аттуу чыгармасы болгон. Жаныш Кочкоров 1976-жылы Оңолбү аттуу айымга үйлөнүп, 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан