Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн; 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык бѳлүмүн; 2004-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
1992-1994 жылдары - Кыргыз Респуликасынын илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.
1995-1996 жылдары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болуп эмгектенген.
1996-1999-жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консулдун орун басар кызматында ишеген.
1999-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгында – башкармачылыктын жетекчиси болуп ишеген.
2005-2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консул кызматында ишеген.
2009-жылы январь-октябрь айлары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
2010-жылы апрель айында – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган.
2010-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматында ишеген.
2012-жылы октябрь-ноябрь айлары – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына "Республика" саясий партиясынан талапкер болгон.
2015-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын депутаты болуп шайланган.
2020-жылдан бери тышкы иштер министри кызматын аркалап келет.
Үй-бүлѳлүү, алты баланын атасы.