
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 1960-жылдын 21-майында Ош облусунун Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин тарыхчы адистиги боюнча, 1994-жылы СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргѳн.
Эмгек жолун 1982–жылы СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин КПСС тарыхы кафедрасында мугалим болуп иштѳѳ менен баштаган.
1985-1986-жылдары СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Совет доорунун тарыхы кафедрасында мугалим болуп иштеген.
1989-1993-жылдары ички иштер органдарында кызмат ѳтѳгѳн.
1993-1994-жылдары Ош облусунун мамлекеттик салык кызматында инспектор.
1994-жылы Ош облусунун салык башкармалыгынын полициясында тергѳѳчү.
1994-1998-жылдары Ош бажысында башкы инспектор, башчынын орун басары, андан соң башчы болуп иштеген.
1998-1999-жылдары ТУ "Югфармациясында" юрист.
1999-2000-жылдары "Талас-Ош Компаниясында" директор.
2000-2005 жылдары II чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты.
2005-жылы Киреше боюнча комитеттин тѳрагасы жана каржы министринин орун басары.
2005-2007 жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутаты.
2007-2010 жылдары Кыргызстан Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча IVчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенещинин депутатыгына шайланган.
2011-2012 жылдары Кыргызстан Коммунстер партиясынын тѳрагасы.
2012 – 2014 жылдары Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы.
2015 жылдын 4-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.