Урматбек Cамаев 1986-жылдын 25-майында Чүй районунун Он Бир-Жылга айылында төрөлгөн.
2004-жылы Чүй районундагы №2 орто мектебин бүтүргөн.
2004-2012-жылдары Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын, Юриспруденция факультетин бүтүргөн.
2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиялык резерв мектебинде бокс боюнча тренер;
2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
2016-жылдын январь айынан баштап Жогорку Кеңештин депутаты.
“Келечек” жаштар кыймылынын Лидери жана Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.