1956-жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген.
Жогорку билимдүү.
1978-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2001-жылы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүрүп, экинчи кесипке - менеджер адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
1973-жылы — Нарын шаарындагы темир-бетон чыгаруучу заводдо жумушчу;
1978-1979-жылдары — "Колхозчу" ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинде машыктыруучу;
1978-1981-жылдары — В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда дене тарбия кафедрасынын мугалими;
1981-1991-жылдары — К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окутуучу, ага окутуучу, дене тарбия кафедрасынын башчысы, 10 жылдан ашуун Кыргыз мамлекетинин волейбол федерациясынын жетекчиси;
2005-2007-жылдары — Жогорку Кенештин депутаты;
2016-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2017-жылы 25-октябрда Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катарынан "фракциянын талаптарын аткарбаганы үчүн" фракциядан чыгарылган. Учурда ал эркин депутат.
Сыйлыктары, наамдары:
2003-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Ошондой эле "Манас—1000", "Ош —3000", "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" эстелик медалдарынын ээси;
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар;
Волейбол боюнча спорт чебери;
- Республикалык волейбол федерациясынын ардактуу президенти;
- Ат оюндар федерациясынын вице-президенти;
- Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору;
- Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги;
- "Белбоо күрөшү" федерациясынын вице-президенти (2011-жылы);
- Белбоо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти (2015-жылы).