16- Июль 1975 -жылы Рыспай Аматов төрөлгөн
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов 1975-жылы 16-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. Ал орто мектепти бүткөндөн кийин Кара-Кулжа райондук автобазасында слесарь болуп эмгек жолун баштаган. 
 Эмгек жолу: 
1994-1995 жылдары Орусияда жеке ишкер; 
1997-2007 жылдары "ШинТорг" ишканасынын негиздөөчүсү, жетекчиси; 
2005-жылдан азыркы учурга чейин "Актив Профит Трейд" ишканасын жетектеп келет. 
2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп шайланган. 2016-жылы шаардык кеңешке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп шайланган. 
Билими: 
 2001-жылы Кыргыз улуттук университетин экономика факультетин бүтүргөн; 
 2016-жылы Юридикалык академияны финансы административдик укук адистигине ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан