Мирзийоев Шавкат Миромонович 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда туулган.
Шавхат Мирзийоев дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.
Мирзийоев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.
Шавкат Мирзийоевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.
Мирзийоев президенттик шайлоодо жарандардын 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.
Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзийоевдин жан сакчысы экенин жазып жүрүшөт.