17- Июль 2014 -жылыБыйтыкчалардын бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүгүн, 17-июль - Быйтыкчалардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен интернеттеги жазууларда адамдын ички дүйнөсүндө болуп жаткан бардык эмоцияларды, дегеле адамдын оюн толук жеткирүүдө көмөкчү болгон быйтыкчалардын күнү 2014-жылдан бери белгиленип келет. "Эмодзи" - япон тилинен которгондо "сүрөттөгү сөз" дегенди түшүндүрөт. Бул 1990-жылы "NTT Docomo Шигета Курита" коммуникациялык компаниясынын кызматкерлери тарабынан пейджер үчүн иштелип чыккан. Убакыттын өтүшү менен быйтыкчалар уюлдук телефондорго көчүрүлүп смс-билдирүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү катары колдонула баштаган.