Гуламжан Анарбаев 1967-жылы 23-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Ал 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
1990-1991-жылдары Ош облусундагы областтык аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында биринчи ротанын милиционери;
1991-1992-жылдары Ош облусунун ИИБдин баңгизатына каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кичи инспектору;
1992-1993-жылдары Ош облусунда ИИМдин Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкердин жардамчысы;
1994-1995-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын ага опер кызматкери;
1995-1998-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын бөлүмүнүн опер кызматкери;
1998-2000-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкери;
2000-2001-жылдары Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери;
2001-жылы Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча ага опер кызматкери;
2001-2002-жылдары Ош облусундагы түштүк аймактык уюшулган кылмыштуу жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын ага опер кызматкери;
2003-2005-жылдары ОШ ОИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы;
2006-2007-жылдары Ош боюнча Каржы полиция кызматынын бөлүм башчысы;
2007-2008-жылдары Ош боюнча Каржы полиция башкармалыгынын башчысы;
2008-2010-жылдары Каржы полиция кызматынын башчысы;
2010-жылы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик каржы полициясы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2010-жылы Мамлекеттик каржы полиция кызматынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы;
2011-2012-жылдары Коррупцияга жана уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча башчысынын орун басары;
2012-жылы Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
2016-жылдан тарта өкмөткө караштуу мамлекеттик материалык резервдер фондунун төрагасы болуп эмгектенген.
2018-жылы 6-июлда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.