реклама

27-июль, 2018-жылы Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салган

Кыргызстан
27-июлда Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында узакка созулган оорудан таңкы саат 6:00дө каза болгон. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. 
Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайга тапшырган. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт. 1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган. 1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. 1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.
 
 
Комментарийлер(1)
27.07.2018. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Коюла элек нерсени айтпасанар бугун каза болду го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: