27- Июль 1987 -жылы
эң жаш капитан аталган словакиялык футболчу Марек Гамшик туулган
Словакиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана "Наполи" клубунун капитаны, жарым коргоочу Марек Гамшик 1987-жылы, 27-июлда Чехословакиянын Банска-Бистрица шаарында төрөлгөн. Бою 1,83 метр. Жылдык кирешеси 2 миллион 100 миң евро (166 915 088 сом).
Дүйнөгө атагы чыккан футболчу 20090-2010-2013-2014-2015 жана 2016-жылы "Словакиянын мыкты оюнчусу" деп табылган.
Бала кезинен Словакиянын келечектен көптү үмүттөндүргөн оюнчусу саналып, 16 жашынан тарта "Слован" командасында оюн көрсөтө баштаган. Жарым жылдан кийин Италиянын "Брешиа" клубуна өтүп, андагы жарым чабуулчу катары ойногон беттештеринин биринде европалык клубдардын скауттарынын көзүнө түшүп калат. Жыйынтыгында Марек Гамшик италиялык "Наполи" клубуна өтүп, ошол кездеги эң көп каражат төлөнгөн Диего Марадоннадан кийинки орунга чыккан.
Футболчу көп өтпөй клубдун колдоочуларынын сүйүктүүсүнө айланып, алдыңкы лидерлердин катарын толуктаган. 2013-жылдан бери "Наполи" командасынын капитаны болуп келет. Марек Гамшик бүгүнкү күндө Словакиянын эң таланттуу футболчуларынын бири болуу менен сол жактагы жарым коргоочу катары ойноп, бирок кээде борбордон да оюнга аралашып кетет. Клубга Рафаэль Бенитестин келиши менен чабуулчу катары ойной баштаган.
Мурдагы машыктыруучусу Эдоардо Рейя аны Стивен Жеррард менен Фрэнк Лэмпарддын стили жана талантын бириктирип алган дейт: "Марек Гамшиктин чыгарып берүүсү өзгөчө, топту эң мыкты башкарып, ар кандай жагдайдан ийгиликтүү чыгып кете алат. Ал Жеррард, Лэмпард жана Зидан сыяктуу жарым коргоочу болуп ойноп, дарбазага көп гол киргизгенди жактырат. Бирок анын үлгү алгысы келген кумири - Павел Недвед".
Ал эми Павел Недвед да словакиялык футболчу ага таасирленүүгө аракет кылганын оюндарынан байкаганын жашырбайт: "Марек Гамшикте менден да өтүп кетүүгө кайталангыс таланты, стили, мүмкүнчүлүгү бар. Ал жөнүндө көп сөз кылып жүрүшөт. Өзүнүн ушул курагында ал менден да өтүп бара жатат. Ал жакынкы аралыкта менин бул сөзүмдүн чындыгын далилдей турганына ишенем".
Жеке жашоосунда гандболчу Мартина Франова экөө 2010-жылы Кристиан, 2012-жылы Лукас ысымдуу уулдуу болушкан. Түгөйлөр үлпөт тоюн 2014-жылы өткөрүп, 2016-жылы кыздуу болушкан.
Марек Гамшиктин алыстан көз көрүүсү начар. Көпчүлүк иш-чараларга көз айнекчен барат, бирок оюн талаасында линза такпайт. Ал өзүнүн жогору көтөрүлгөн өзгөчө чач жасалгасы менен башкалардан айырмаланып турат. Ошондой эле жаш капитан "Nike" спорттук компаниясынын жүзү болуп келет.