8- Август 2016 -жылы
Түштүк Кореяда популярдуу "BlackPink" тобу дебют жасаган
Түштүк Кореядагы YG продюсердик борбору тарабынан негизделген "BlackPink" тобу 3 ыр, 3 клип менен дебют жасаган. Топ бир ай аралыгында музыкалык чарттардын лидерине айланган. Бир ай ичинде багынган Түштүк Кореядан кийин кезек башка өлкөлөргө жетти. Топтун алгачкы «Whistle», «Boombayah» ырлары дүйнөлүк музыка индустриясын чагылдырган АКШнын «Billboard» чартынын алдыңкы эки сабын бирдей ээлеп, корей музыкасынын тарыхында PSY жана «Big Bang’ден» кийинки үчүнчү орунга атын жаза алды. Продюсердик борбор алгач 9 кыздан турган топ түзүүнү пландаганы менен 7 жылдан кийин гана коомчулукка квартет сунуштаган. Топко кирген кыздар бул жылдар аралыгында компанияда вокал, бий, актёрдук чеберчилик боюнча билим алышат. Алгач клип, дорама, жарнамалык роликтерге тартылып жүзү таанылган соң гана "BlackPink" тобу сахнага чыга келди. Аталышы Black – кара, рink – күлгүн түс деген сөздөрдөн куралган. "Кара өң олуттуулуктун белгиси, ал эми күлгүн түс – назиктик, кооздуктун белгиси. Бул экөө кошулганда назик, ошол эле учурда кайраттуу, "дерзкий" ырчылардын тобу келип чыкты" дейт YG өкүлү.
Белгилей кетчү жагдай, топко кыздарды тандоо келишиминде "Пластикалык операцияга жол жок» деп жазылган. Бул кадамды продюсердик борбор: "Пластикалык операцияны жаман дебейбиз, анын да керектүү учурлары болот. Бирок биз топко өспүрүм кыздарды алып жатабыз. Алар башкаларга табигый сулуулугу менен үлгү болушу керек" деп түшүндүргөн. Ырчы кыздар корей тили менен кошо япон, англис, тай тилдеринде эркин сүйлөшөт.