17- Август 1989 -жылы Түркиялык актриса Фара Зейнеп Абдулла төрөлгөн
Түркиялык актриса Фара Зейнеп Абдулла 1989-жылы 17-августта Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Анын аты араб тилинен которгондо "бакыт" дегенди түшүндүрөт. Кызынын бактысын тилеген атасы Оман Абдулла ирактык түркмөн, ал эми апасы Гүлай Абдулла түрк кызы. Фара Стамбулдагы "Сен-Мишель" француз лицейинде билим алып, окуусун Улуу Британиядан аяктаган. Француз жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Кичинекей кезинен тарта мектептеги театрдык оюндарда катышып жүрүп "Мектептин мыкты актрисасы" сыйлыгына татыган. Фара тасма талаасынын босогосун 2010-жылы аттаган. Алгачкы роль алган долбоору "Убакыт" ("Бесценное время") сериалы болуп, анда 3 жыл Айлин Акарсунун образын ачып берген. 2013-жылы "Көпөлөктүн түшү" (Сон бабочки") тасмасына тартылып Медиха Сессиз ролун жараткан. 2014-жылы Фара "Сейит менен Шура" ("Курт Сейит и Александра") сералында аристократ кыз Александранын образын жаратууга сунуш алып, анда түгөйү катары белгилүү түрк актёру Кыванч Татлытуг ойногон. Мына ушул тасмадан кийин анын ажарына суктанган көрөрмандары көбөйүп, белгилүү режиссёрлордон сунуштар байма-бай түшө баштаган. Орусиялык аристократ Александранын ролу аркылуу актриса Орусияга жана Азия өлкөлөрүнө тааныла алган. 2015-жылы жаз айларында Фара "Барби, ханбийке жана рок жылдызы" ("Барби, принцесса и рокзвезда") мультфильминде Азранын үнүн коштоп, андагы ырды да аткарган. 2016-жылы актриса режиссёр Йылмаз Эрдогандын "Кычкыл алмалар" ("Кислые яблоки") тасмасында Муаззездин ролун жараткан. Ушул эле жылы август айында "Даңазалуу кылым: Көсем Султан" ("Великолепный век: Кёсем Султан") сериалынын 2-сезонунда тартылууга сунуш алган. Башында актриса Султан Мурад IVнин аялы Айше Султандын ролун алмак, бирок кийинчерээк аны венгер ханбийкеси Фарья Бетлендин образына тандашкан. 2017-жылы "Ырчы" ("Аrama") аттуу кыска метраждуу тасмага тартылса, 2018-жылы "Arif v 216" тасмасында Ажда Пеккандын жана "Гүлизар" тасмасында Гүлизардын образын ийгиликтүү ачып бере алган. "Убакыт", "Көпөлөктүн түшү", "Унутуп калсам, шыбыра" тасмаларында жараткан актёрдук чеберчилиги үчүн 14 атайын сыйлыктын ээси болгон. Бош убактысында вокалдан сабак алып турат. Тасма талаасынан сырткары мода журналдарынын ажарын ачып моделдик менен алектенет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген билдирүүсүндө ал ата-энеси 30 жылдан бери бирге түтүн булатып, ушул кезге чейин ортолорунда сүйүүнү жана бири-бирине болгон сый-урматты сактай алышканын, аларды эң үлгүлүү үй-бүлө катары санай тургандыгын айткан. Андыктан чыныгы сүйүүгө жолукмайынча турмушка чыгууга шашылбай турганын жана үй-бүлөнү турмуштун сыноолоруна чыдап калган кезде курса туруктуу болоруна ишенерин билдирген. 2013-жылы Гөкхан Тирьяки менен жакын мамиледе болуп, 2016-жылы алыстап кетишкен. 2017-жылдын январь айынан баштап "Даңазалуу кылым: Көсем Султан" сериалындагы түгөйү Жанер Жиндорук мене мамилеси жакшырып, жыл айланбай ажырашкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан