20- Август 1963 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августа Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.
Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищесинде баштапкы комсомол уюмунун катчысы;
1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.
2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган.
2005-2006-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген.
2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган.
2006-2007-жылдарга чейин президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору.
2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон.
2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңешинин депутаты.