14- Октябрь 2017 -жылы Тарых музейинде сакталып келген белгисиз кыздын мумиясы Баткенде жерге берилген
Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Адатта мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер мыйзамга таянып кабыл алынса, мумия окуясында “көзү ачыктардын” келтирген жүйөөлөрү басымдуулук кылган. Белгисиз кыздын мумиясы 1956-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, мумия IV-V кылымдарга таандык. Ал арчадан жасалган табытка салынып көмүлгөн. Борбор Азия боюнча жалгыз мумия мамлекттик тарых музейинде сакталып келген. Табылгандан бери аталган мумияны иликтөөгө алып, анын жыйынтыгын жарыялап, тиешелүү тарыхый баа берүү иштери жүргүзүлбөй келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын айтышкан. Өзүн “көзү ачык”, айтымчы” атагандар мумия көмүлбөгөнү үчүн Кыргыз жеринде кырсыктар көп болуп, музейге киргендер ооруга чалдыгып жатканын айтып министрликке кайрылышкан. Бул боюнча министрликте комиссия түзүлүп, тез арада парламенттик комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн. Атайын комиссия 10 мүнөттө мумияны жерге берүү чечимин кабыл алганы маалым болгон. Демилгеси ишке ашкан “көзү ачыктар” мумия жерге берилгени үчүн президенттик шайлоо тынч өттү дешкен. Кыргыз археологдору жана тарыхчылары мумияны көмүүгө демилгечи болгондорду вандализмге күнөөлөшкөн. Алар мумиянын археологиялык баалуулугун айтып, аны казып кайра ордуна кайтарууну талап кылышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан