8- Октябрь 2018 -жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы башчысы Султан Жумагулов каза болгон
2018-жылы 8-октябрга караган түнү маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан улам 59 жашында мезгилсиз дүйнө салган. 
Жумагулов Султан Жумагулович 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары;
1993-1995-жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы;
1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы;
2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;
2010-2013-жылдары "Азаттык-Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу; 
2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
2017-2018-жылдары маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан