24- Октябрь 1988 -жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акылбек Жамангулов туулган
Жамангулов Акылбек Жекшенович 1988-жылдын 24-октябрында Чүй облусунун Кемин шаарында туулган.
 
Үч жогорку билим бар.
 
2011-жылы "Каржы жана насыя" адистиги боюнча Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн.
 
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" адистигин алган.
 
2014-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бүтүргөн.
 
Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы Балыкчы шаарындагы “Көк-Ойрок” Балыкчы ликер-арак заводунда адис болуп иштөөдөн баштаган.
 
2005-2006-жылдары “Альфа Ширсфилд Аудит” ЖЧКнын Кардарларды тартуу бөлүмүндө адис болуп иштеген.
 
2006-жылдан 2007-жылга чейин – "Альфа Маркетинг" ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер; 
 
2007-2008-жылдары – “Арвин” ЖЧКсынын Сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер; 
 
2008-жылы – “Тар-Суу” ЖЧКсында аткаруучу директор; 
 
2008-2011-жылдары – “Кыргызская агропродовольственная корпорация” ААКсында генералдык директордун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;
 
2011-2013-жылдары – “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын мүчөсү, президенттин жардамчысы;
 
2013-2014-жылдары – “Gold King Plus” ЖЧКнын генералдык директору; 
 
2014-2015-жылдары Кемин цемент заводунун “ZETH Cement” ЖЧКсынын аткаруучу директору; “Шанфэн ЗЭТ Цемент” ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча генералдык директордун орун басары болгон.
 
2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.
Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан