26- Октябрь 1978 -жылы Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов туулган
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы 26-октябрда Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында туулган.
2004-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1999-жылы — иш жүргүзүүчү, Мамлекеттик салык инспекциясынын Көк-Жаңгак шаары жана Сузак району боюнча инспектору;
1999–2007-жылдары — штаттан тышкаркы салыкчы, башкы мамлекеттик салыкчы, бөлүм башчы, Мамлекеттик салык инспекциясынын Аламүдүн району боюнча инспекциясынын жетекчи орун басары;
2007–2010-жылдары — Сузак районунун акиминин биринчи орун басары;
2010–2015-жылдары — Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу, аким;
2015–2016-жылдары — Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын катчылыгында эксперт;
2016–2018-жылдары — Эсеп палатасында аудитор;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта өзгөчө кырдаалдар министри.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан