27- Октябрь 1977 -жылы
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков туулган
Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эл аралык байланыштар боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ошол эле университеттин юриспруденция боюнча магистратурасын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.
2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;
2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;
2016-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. 2018-жылдын октябрь айында Тышкы иштер министри болуп дайындалды.
Сыйлыктары
2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылган.
2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси" дипломатиялык рангы берилген.