28- Октябрь 1971 -жылы
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова туулган
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова 1971-жылы 28-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
- 1994-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, экономист кесибине ээ болгон. 1995-1999-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын Бишкек шаарындагы Свердлов району боюнча ага инспектору; 1999-2000-жылдары "Кыргызмунайзаттын" башкы экономисти; 2000-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын бөлүм башчысы; 2004-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бюджеттик бөлүмүнүн башчысы; 2009-2012-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-Систем" мамлекеттик мекемесинин директору; 2012-жылдын башынан сентябрь айына чейин Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары; 2012-жылдын сентябрь айынан 2013-жылдын май айына чейин каржы министринин орун басары; 2014-жылдын апрелинен 2015-жылдын октябрь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы; 2017-жылдын декабрь айынан бери Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп иштеп келген. 2018-жылдын февраль айында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалып, 2019-жылдын апрель айында бул кызматтан бошотулган.