13- Октябрь 1968 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 1968-жылдын 13-октябрында Талас облусунун Киров районунун Шекер айылында туулган. Ал 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. 2010-жылдын апрелинен 2010-жылдын июнуна чейин Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, андан соң Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн маданият министринин милдетин аткаруучу болгон. 2011-жылдын 15-февралынан 2012-жылдын 8-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматында турган. 2012-жылы “Учкун” АКсынын башкы директору болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан