30- Октябрь 1981 -жылы Тартылган тасмасы да, сериалы да акча жаадырган корей актрисасы Жон Жи Хён туулган
"Адепсиз кыз" тасмасы аркылуу атактуулукту багынткан корей актрисасы Жон Жи Хён 1981-жылы 30-октябрда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында төрөлгөн. 2001-жылы чыккан аталган комедиялык фильм Түштүк Кореяда гана эмес, Азиянын бир катар өлкөлөрүндө да хит болгон. Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан атактуу карьерасын 16 жашында фотомодель катары баштаган. 1999-жылы Samsung компаниясынын жарнамалык түрмөгүнө тартылуу менен корей өспүрүмдөрүнүн кумирине айланган. Жон Жи Хён үчүн 1997-2005-жылдар аралыгы чыгармачылыгынын жемиштүү мезгили болгон. "Биргеликте бактылуубуз" сериалы, "Көл жээгиндеги үй", "Ромашка" тасмалары жана башка тасма аянтчасында аткарган ролдору көрүүчүлөрдүн да, режиссёрлордун купулуна толуп турган. 2006-жылы актриса Голливудга карай багыт алат. Ал "Кан: Акыркы кан соргуч" тасмасында башкы ролду ойногон. Жон Жи Хён аталган анимедеги каарманды жаратуу үчүн кылычташууну үйрөнгөн.2011-жылы "Кар баскан гүл жана сырдуу желпингич" аттуу кытай тасмасында ойноого чакырылган. Аталган тасма актрисанын карьерасында кызыктуу факт менен эсте калган. 1997-жылы дебют жасаган актриса ага дейре эч бир ролунда кайсы бир каарман менен өбүшүп көрө элек болчу. Ошентип, аталган тасмада Жон Жи Хёндун чыгармачылыгындагы өбүшүү боюнча алгачкы өнөктөшү белгилүү актёр Хью Жекман болгон. 2012-жылы "Уурулар" аттуу Түштүк Кореянын тасмасына тартылган. Аталган фильм корей киносунун тарыхындагы эң көп киреше тапкан тасмалардын арасынан 2-орунду ээлеген. Жон Жи Хён "Ууруларда" көрүүчүлөрдүн жана режиссёрдун түрдүү трюктарды өзү аткаргандыгы менен мактоосуна татыган. 2013-жылы актриса 14 жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтып, сериалга тартылууга сунуш алган. Ал актёр Ким Су Хён менен биргеликте "Жылдыздан келген адам" дорамасында башкы каармандардын бирин жараткан. Аталган сериал экөөнүн тең атактуулугун ого бетер арттырган. 2015-жылы актриса кош бойлуу кезинде "Кол салуу" аттуу киного тартылган. Анда көз карандысыздык үчүн күрөшкөн кыймылдын снайперин ойногон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан