13- Октябрь 1996 -жылы
Көпчүлүк өлкөлөрдө жумурткадан жасалган тамактарды жактыргандар жумуртка күнүн белгилейт
13-октябрда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жумуртканы жана андан даярдалган тамактарды жактыргандар жумуртка күнүн белгилейт. Албетте, бул дата көпчүлүк үчүн таң калычтуу болушу мүмкүн, бирок бул күндүн белгиленип калышынын өзүнчө себептери бар.
1996-жылы Венада эл аралык жумуртка комиссиясы жумуртканын күнү жыл сайын октябрь айынын экинчи жумасында белгиленет деп жарыялаган. Жумуртка дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдө пайдаланылгандыктан анын ашканада, тамак-аш маданиятындагы орду чоң деген жүйө менен көтөрүлгөн демилге эң оболу тоок ферма иштетип, жумуртка менен ишкерчилик кылгандарга жаккан.