
Корей К-РОР топторунун эң алдыңкыларынын катарын толуктаган "TWICE" кыздар тобу түзүлгөн. 2015-жылы аталган топтун расмий сайты жана социалдык тармактарда аккаунттары ачылган. Алгачкы "The Story Begins" мини-альбомунан рок, R&B жана хип-хоптун элементтерин камтыган "Like OOH-AHH" ырынын жана клибинин бет ачары 20-октябрда болгон. Назик жана жаш кыздардан турган топ кыска убакытта "Must Be Crazy", "Do It Again", "Cheer Up", "One in a Million", "Knock Knock", " Signal" жана башка чыгармалары менен Кореяда гана эмес, Японияда да атактуулукка жетише алган. Ырлары корей, япон жана англис тилинде. Япон тилинде "One more time" сингли жана "Twicetagram" аталышындагы альбому жарыкка чыккан. Топтун аталышы күйөрмандарын көргөндө жана укканда "эки ирет" таңдантат деген максатта "Twice" деп аталган. Өспүрүмдөрдүн кумирине айланган 9 таланттуу бийкечтин өнөрлөрүн бириктирген топ бүгүнкү күндө Кореяда атактуу делген "BLACK PINK" кыздар тобуна атаандаш катары саналышат. 2013-жылы "JYP Intertainment" компаниясынын жетекчиси Пак Чин Ён "6mix" аталышындагы топ түзүүгө киришкен. Тилекке каршы, ырчы айымдар четинен топтон чышып баштаганда долбоор убактылуу токтотулган. Эки жылдан соң "Sixteen" реалити шоусуна 16 талапкер кабыл алынган. 3 ай бою талапкерлер талбай эмгектенип, мыкты делген 6 кыз тандалат. Ошентип мурунку "6mix" тобундагы Наён, Чонён, Чжихёго шоунун жеңүүчүлөрү кошулуп отуруп 9 кыздан турган толук кандуу топ куралган.
Топтун курамы
1. Цзыюй 1999-жылы 14-июнда Тайванда төрөлгөн. Бою - 170 сантиметр, салмагы - 48 килограмм. Цзыюй топто эң узуну жана кенжеси. Боюнун узундугуна өкүнөт. Башкалардан патриоттуулугу менен айырмаланып, сулуу болгону менен тартынчаак. Америка жылдызы Бейонсенин ырларын көп угат.
2. Чонён 1996-жылы 1-ноябрда Кореянын Сувон шаарында төрөлгөн. Бою - 168 сантиметр, салмагы - 50 килограмм. Телефон оюнун ойноодон тажабайт. Ал топтогу башка кыздарга караганда ар дайым күйөрмандардын көңүл борборунда.
3. Сана 1996-жылы 29-декабрда Япониянын Осака шаарында төрөлгөн. Бою - 168 сантиметр, салмагы - 48 килограмм. Сананын чыгармачылыгы япониялык k-pop топторунун күйөрманы болуу менен башталган. "Sixteen" реалити-шоусунда сахнада ырдап, бийлеп жана куймак бышыргандыгы менен айырмаланган. Кай жерде болбосун чүчкүрө берет. Тил үйрөнүүгө кызыгат.
4. Чжихё 1997-жылы 1-февралда Кореянын Кури шаарында төрөлгөн. Бою - 162 сантиметр, салмагы - 56 килограмм. "Ой позитивдүү болуусу керек" деп жашаган Чжихё топтун позитивдүү лидери. Топто 2 артыкчылыгы менен белгилүү: биринчиси - дене мүчөсүнүн төп келишкени, экинчиси - өзгөчө үнү. Классикалык музыкаларды укканды жактырат.
5. Наён - "TWICE" тобунун эң улуусу. Ал 1995-жылы 22-сентябрда Кореянын Сеул шаарында төрөлгөн. Наён телефон жоготуу боюнча эч кимди алдына салбайт. Баллада, лирика жанрындагы ырларды сүйүп угат. Интернет колдонуучулар аны "мурдуна пластикалык операция жасаткан" деп көптөгөн далилдерди табууга аракеттенишет.
6. Чеён 1999-жылы 23-апрелде Кореяда төрөлгөн. Бою - 157 сантиметр, салмагы - 48 килограмм. Бийлегенди жана сүрөт тартканды жакшы көрөт. Америкалык ырчы Жастин Биберди жактырат. Маанайы жокто жалгыз отуруп музыка угуп, кээде ыйлап бугун чыгарып аларын айтат.
7. Шоколадсыз жашоосун элестете албаган Дахён топтун эң мыкты рэп аткаруучусу. Ал 1998-жылы 28-майда төрөлгөн. Бою - 164 сантиметр, салмагы - 48 килограмм. Элдин көңүл борборунда болууну жактырып, бош убактысында музыка угуп, пианино ойнойт. Көзүнүн көрүүсү начар болгондуктан дайыма линза тагып жүрөт.
8. Мина сахнада "дерзкая" образы жана сүйкүмдүүлүгү менен кызыгуу жаратат. 1997-жылы 24-мартта АКШнын Сан-Антонино шаарында төрөлгөн. Бою - 163 сантиметр, салмагы - 46 килограмм. Анын чыгармачылыгы балет бийи менен башталган. Минанын бир адаты - эринин, тырмактарын тиштегилей берет, бирок өзү көбүнчө байкабай каларын айтат.
9. Момо 3 жашынан бери бий менен алектенип келет. Кандай кырдаал болбосун өз оюн кыймыл-аракет менен түшүндүрөт. Ал 1996-жылы Япониянын Кётанабе шаарында төрөлгөн. Бою -167 сантиметр, салмагы - 48 килограмм. Өзүнүн жөндөмүнө кайдыгер карабаган Момо диета кармап, ден соолугуна кам көрүүнү жакшы көрөт.
Топ түзүлгөнүнө бир ай болгондо жалпы суммасы 1,8 миллиард вонго 10 келишим түзүлгөн.
"Cheer Up" ыры менен Түштүк Кореянын улуттук музыкалык хит-парадынын 4 жолку алтын медалынын ээси болгон жана 16 жума бою музыкалык чартта биринчиликтен түшкөн эмес;
1 жыл ичинде "Page two" альбомунун 100 миң нускасы сатылып, Кореянын алдыңкы 10 k-pop тобуна кирген. Атайын күйөрмандары үчүн "Twice TV" реалити-шоусун ачып, ал жактан жашоосундагы кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүп турушат. Компаниянын жетекчиси Пак Чин Ён ырчыларга 3 жыл мырзалар менен мамиле түзүүгө тыюу салган. Бул талаптын мөөнөтү бүткөнү менен жылдыздардын жашоолору дале тынч. Кореяда эң популярдуу k-pop'чулардын арасында "WANNA ONE" жана BTS'тен кийинки, тагыраагы, 3-орунда турат.
"TWICE" тобу 2018-жылы күйөрмандарына "What Is Love?", "Wake Me Up", "Dance The Night Away", япон тилинде Candy Pop", "Brand New Girl" жана "I Want You Back" аталышындагы ырларын тартуулаган.