19- Октябрь 1992 -жылы
"Стерва" кыздардын образын мыкты жараткан корей актрисасы Ким Жи Вон төрөлгөн
Түштүк кореялык актриса Ким Жи Вон Сеул шаарында төрөлгөн. Ал өзүнүн "Мураскерлер" (2013), "Күндүн мураскерлери" (2016) жана "Тандоом үчүн күрөш" (2017) сериалдарындагы жараткан образдары менен таанымал болгон. "Күндүн мураскерлери" сериалында актриса Ким Жи Вон менен актёр Жин Гу экинчи пландагы ролдорду ойношкон. Бирок көрүүчүлөр алардын аткаруусун башкы ролдогу актёр Сон Жун Ки менен актриса Сон Хе Гёго караганда мыкты деп баалашкан. Тартылган тасмалары - "Катуу сокку" сериалынын 3-сезону, "Эмне болду?", "Мураскерлер", "Жакшы күн", "Күндүн мураскерлери", "Тандоом үчүн күрөш", "Детектив К: Кан соргучтун жашыруун сыры" жана башкалар. Ким тасма талаасына 2008-жылы келгенине карабастан, ал маанилүү ролду "Катуу сокку" комедиялык сериалынын 3-сезонунда 2011-жылы гана алган. Ушундан тарта ага "Эмне болду?" аттуу музыкалык драмага жана "Романтикалуу асман" тасмасына тартылууга сунуш түшкөн. Ал 2013-жылы "Мураскерлер" тасмасында менменсинген мураскердин, тагыраагы, "стерва" кыздын образын жараткан. Тасманын атактуулугу актрисаны да болуп көрбөгөндөй таанымал кыла алган. Аталган тасмадагы ролу менен Ким сыйлыктарга да татыган. 2014-жылы өзүнүн актёрдук чеберчилигин криминалдык "Гап-дон" триллерине тартылуу менен сынап көргөн. Декабрь айында түштүк кореялык "King Kong Entertainment" актёрдук агенттиги менен келишим түзүп "Жакшы күн" сериалына тартылган. 2016-жылы кореялык режиссёр Ли Юн-боктун "Күндүн мураскерлери" тасмасында аскердик хирургдун ролун жаратып көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун ала алган. 2017-жылы Ким "Тандоом үчүн күрөштө" актёр Пак Со Жун менен чогуу башкы каармандын образын жараткан. Аталган сериалдагы ролду тандоодо актриса атайын эле күчтүү образдан качып, күнүмдүк жашоодогу карапайым кызды ойногусу келгенин айткан. 2018-жылы актрисанын "Детектив К: Кан соргучтун жашыруун сыры" аттуу детективде роль жаратканы белгилүү болуп, көрөрмандары тарабынан жаңы бурулуш катары бааланган. Ким Жи Вон актрисалыктан тышкары модель катары корей кыздарынын жүзүн дүйнө элине таанытып келет. 2012-жылдан тарта кесиптеши Ю Ён Сок менен жакын мамиледе делгени менен түгөйлөр кыз-жигит экендигин ачыкка чыгара элек.