6- Октябрь 1986 -жылы түштүк кореялык актёр Ю А Ин төрөлгөн
Түштүк кореялык актёр Ю А Ин Тэгу шаарында төрөлгөн. Актёр көпчүлүккө 2010-жылы жарыкка чыккан "Соңкюнквандагы ызы-чуу" сериалындагы образы менен менен таанылган. Фильмографиясына үңүлсөк, Ю өзүнүн эң мыкты образдарын "Пунч" тасмасында (2011), "Сүйүүнүн жашыруун интригасы" мелодрамасында (2014), "Ардагер" боевик тасмасында (2015), "Так" драмасында (2015) жана "Алты ажыдаар" тарыхый телесериалында (2015-2016) жана башка фильмдерде жаратып күйөрмандарын таба алган. Ал тасма талаасында 14 сериалда жана 14 фильмге тартылган. Ю кичинекей кезинен тарта чоң сахнада ырдоону кыялданган. Ю А Ин деген каймана аты менен алгачкы жолу 2003-жылы жарнамага тартылып дебют жасаган. Кийин Ю А Ин өспүрүмдөр жөнүндөгү "Sharp 1" аттуу телесериалда роль жаратат. Бат эле режиссёрлордун көзүнө түшүп "Апрелдеги өбүшүү" жана бир актылуу "Шиэун менен Су-ха" драмаларына тартылган. Ушундан көп өтпөй Ю актёрдук чеберчилигинде тыныгуу жасап, экрандан алыстап кеткен. Сахнага кайтуу менен дароо эле индиялык режиссёрдун "Келечектин балдары" аттуу фильминде роль жаратып, 2006-жылы Пусан киносынчыларынын сыйлык тапшыруу аземинде "Эң мыкты актёр" наамын багынткан. Атактуулукту Юга 2010-жылы тартылган "Соңкюнквандагы ызы-чуу" сериалы алып келген. Мунун артынан эле 2011-жылы эң популярдуу фильм аталган "Пунч" тасмасына тартылган. Корей актёрлорунун аксакалы Ким Юн-сеук актёр тууралуу "ал алдыдагы 10 жылда Корей тасма талаасындагы эң белгилүү актёрлордун бири болот" деген. Ю кезектеги ролдорун "Моданын падышасы", "Спутник кыз" тасмаларында жараткан. 2014-жылы "Жашыруун роман" фильминде өзүнөн улуу аялга жолуккан акылдуу жигиттин образын чагылдырат. 2015-жылы "Ардагер" криминалдык триллерине жана "Так" трагикомедиясына тартылып сыйлыктарга татыган. Ошондой эле биринчи жолу "Лайкка лайк" аттуу романтикалык комедияга тартылып, 2018-жылы Ли Чан-дондун "Жалын" тасмасында сүйүктүүсүнүн жашыруун сырларына кызыгат. Аталган фильмдин бет ачары 2018-жылы Канн фестивалында болду. 2017-жылы Юнун сөөгүндө залалдуу шишиги бар экендиги аныкталган. Андыктан аскердик мөөнөтүн өтөөгө барбай калган. Үй-бүлөлүк абалы - бойдок. Коомдук талкуудан түшпөгөн актёр Түштүк Кореяда өзүнүн саясий жеке көз карашы менен белгилүү болуп, социалдык тармактарда сын-пикирлерге байма-бай кабылып турат. 2017-жылы Юнун аялдардын укугун коргоого каршы пикири күйөрмандары арасында кайчы пикир жаратып, актёрдун эл алдында кечирим суроосу менен аяктаган. 2018-жылы Ю дагы бир жолу мындай окуяга кабылган. Ал Түштүк Кореяга 2017-жылы жайылган "Мен дагы" ("Ме Тоо" - дүйнө жүзүнө тараган жаш кезинде сексуалдык зомбулукка кабылгандарга көңүл айтуу максатында колдонулган хештег) кыймылына болгон каршы пикирин социалдык тармактарга билдиргенден кийин кызуу талкуунун чордонунда калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан