5- Октябрь 1976 -жылы "Күз жомогу" тасмасы аркылуу таанылган түштүк кореялык актёр Сон Сын Хон төрөлгөн
Түштүк кореялык актёр, модель жана ырчы Сон Сын Хон төрөлгөн. Анын аты (Сон) кыргызча "ыр" дегенди түшүндүрөт. Сон 1995-жылы модель катары "STORM" жынсы маркасынын кийимдерин жарнамалай баштаган. 1996-жылы эң алгач тасма талаасына "Үч жигит", "Үч кыз" деген комедиялар аркылуу кадам таштаган. Кийинки жылы актёр катары дебют жасап, 1999-жылы көрүүчүлөргө сунушталган "Калла" аталышындагы көркөм тасмада актриса Ким Хи-Сол менен чогуу катышкан. Чыныгы атактуулукту ал корей сериалдарынын сүйүүчүлөрүнө 2000-жылы жарыкка чыккан "Күз жомогу" аркылуу багынткан. Так ушул романтикалык мелодрама ийгиликтүү жаралып, жаңычыл тренд катары баалануу менен айтылуу "Корей толкунунун" жаралышына себеп болгон. Мунун артында сериалдын баш каармандары Сон Сын Хон менен Ким Хи-сол Корей сахнасынын жылдызына айлана алышкан. Ушундан тарта Сон Түштүк Кореяда гана эмес, Япония, Гонконг жана башка Азия өлкөлөрүнө таанылып, байма-бай ролдор сунушталып, ал тартылган рекламалык роликтер шаарларда ар бир көчөдө илине баштаган. 2002-жылы ал өзүн боевик тасмада сынап көргөн. Кийин кытайлык актрисалар Карен Мок, Шу Ци жана Чжао Вэй менен биргеликте "Абдан жакын" аттуу тасмада роль жараткан. 2003-жылы Сон корей актрисасы Сон Ё Чжин менен "Жайдын жыты" сериалына тартылып Корей толкунундагы жылдыздык статусун бекемдей алган. 2004-жылы жаңы тасмага тартылууга даярдык көрүп жаткан учурда анын аскердик мөөнөтүн өтөөдөн качып жүргөнү белгилүү болот. Массалык маалымат каражаттарына жайылган бул чырдуу окуя актёрдун аскерге барууга макул болуусу менен аяктаган. Сон 2 жылдык аскердик мөөнөтүн 2006-жылы аяктап келген. 2008-жылы сахнага кайтып "Эдемден Чыгышка карай" тасмасында агрессивдүү, каардуу адамдын образын жаратып, ал тасма Корей драмаларына сыйлык тапшыруу аземинде Гран-Прини жеңип алган. Ошондой эле "Тагдыр" аттуу боевик тасмада роль жараткан. 2011-жылы биринчи ирет "Менин ханбийкем" романтикалык комедиясына актриса Ким Тэ-хи менен бирге тартылган. 2013-жылы Сон Сын Хон үчүн ийгиликти багынткан мелодрамалардын бири "Адам сүйүүгө багынганда" болгон. Актёр анда ырайымсыз гангстер болуп жүрүп сүйүүгө кабылганда мурунку жашоосун унутуп ийгиликтүү бизнесменге айланган. 2015-жылы бир нече тасмада роль жаратууга жетишкен. Алар: Кытайлык режиссёрдун "Сүйүүнүн үчүнчү жолу" романтикалык мелодрамасы, "Укмуштуу жаман түш" үй-бүлөлүк комедиясында тартылган. "Экинчи дүйнөлүк согуш" фильминде учкучтун образын эң мыкты ачып берген. Ошондой эле "Эрктүү адам" тасмасында абактын каардуу директорунун ролун чагылдырган. Корей экранына 2017-жылы кайтып Ли Юн-эйдин "Сайменд", "Түстөрдү эскерүү" пьесасында баш каармандын ролун аткарган. Ошол эле жылы Түштүк кореялык актриса Го Ара менен чогуу "Кара" аттуу фантастикалык триллерге тартылган. 2009-жылы "Storm S Company" (кийинчерээк Better ENT деп өзгөргөн) аталышындагы өзүнүн агенттигин негиздеген. Түштүк кореялык актёрлор Ким Мин-юң, Чэ Юң жана Гуо Же-иге актёрдук чеберчилик боюнча насаатчылык кылат. Сон мындан тышкары италиялык "Blacksmith" ресторанынын түштүк кореянын Каннам районундагы филиалы "Синса-дондун" жетекчиси. 2011-жылы Сонду Корей фондунун коомдук байланыштар боюнча элчиси болуп дайындалган. Анын милдети корей тилин жайылтып, корей улутунун улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таратуу болгон. 2015-жылы Түштүк Кореянын Улуттук Салык кызматынын ишмердигин илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. "Мыкты актёр", "Жылдын мыкты актёру", "Мыкты эркектин ролу", "Чыгаан актёр", Президенттик сыйлык , Атактуу жылдыздуу сыйлык, "Атактуулугу үчүн сыйлык", "Мыктынын мыктысы" сыяктуу сыйлыктардын бир нече жолку ээси Сон Сын Хон кино жаатында 15тен ашык тасмада, 17 киносериалда кайталангыс образдарды жаратып, көптөгөн корей жана япон ырчыларынын клиптерине катышкан. Киного тартылуудан сырткары модель катары мода журналдарынын биринчи бетин ээлеп келет. 2015-жылы күтүлбөгөн жерден эле "сүйүктүүм менен бала күтүп жатабыз" деген актёр күйөрмандарын таң калтырган. Сон кытайлык актриса Лю Ифэй менен "Сүйүүнүн үчүнчү жолу" тасмасына тартылуу учурунда таанышкан. Бирок 2016-жылы түгөйлөр алыстап кетишкен. "Кара" тасмасынын режиссёру Ко Чжэ Хен менен биргеликте Сон алдамчы сүрөтчү Кан Ха-ринин образын жараткан "Оюнчу" сериалы 2018-жылы жарыкка чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан