19- Сентябрь 1978 -жылы 15 жолу клуб алмаштырып, Кыргыз өлкөсүнө токтогон футбол боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин төрөлгөн
Футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусу, орусиялык футболчу Александр Крестинин Краснодар шаарында төрөлгөн. Орусияда бир нече клубда коргоочу катары ойноп, 2014-жылдан тарта Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу болуп келет. Футбол менен 7 жашынан тарта машыга баштап, дароо эле машыктыруучулардын көзүнө илине алган. 1995-1996-жылдары краснодарлык "Колосто" ойноп, кийин "Ростсельмашадда", 1998-жылдан баштап "Нефтяник Кубани" командасында Тчуйсе жана Коанье менен бирге ойногон. 1999-жылы "Кубань" клубунун курамында 23 беттеш өткөрүп, атаандашынын дарбазасына 2 жолу гол киргизген. 2000-жылы "Краснознаменск" клубунун намысын 36 оюнда коргоп, 3 жолу Орусиянын Кубогуна ат салышкан. 2001-жылы оренбургдук "Газовиктин" курамын толуктап, 20 оюнда 1 гол киргизген. 2002-жылы казакстандык "Каспий" командасына кошулуп, 2003-жылы Орусиянын Тамбов шаардык "Спартак" командасына кирип 18 беттеш өткөргөндөн кийин "Реутов" футболдук клубуна өткөн. 2004-жылы "Дон" клубунун катарын толуктап, 9 беттеш өткөргөндөн кийин казакстандык "Яссы-Сайрамга" кошулуп, Казакстандын Жогорку Лигасында 8 оюнга катышкан. 2005-жылы орусиялык "Нара-Десна" клубунда ойноп 7 оюндан кийин Шёлково шаарынын "Спартак" командасына өтүп 2006-жылга чейин 39 беттеш өткөргөн. 2007-жылы орусиялык "Сменанын" намысын 26 беттеште коргоп, атаандашынын дарбазасына 1 жолу гол киргизген. Орусиянын Кубогу үчүн 4 жолу ойногон. 2008-жылы Красноярсктын "Металлург" командасы үчүн 26 оюнга катышкан. Футбол боюнча Орусиянын өспүрүмдөр курамасынын тизмесинде да оюн көрсөткөн. 2010-жылы Кыргыз жергесине келип, кочкор-аталык "Нефтчи" командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, команда биринчи ирет Өлкө чемпиондугунда жеңишти камсыздаган. 2014-жылдан тарта футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу, 2017-жылдын 2-июнунан баштап Бишкек шаарынын "Дордой" футболдук клубунун машыктыруучусу болуп эмгектенүүдө. 2010-жылы - "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командасы менен Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону. 2014-жылдан тарта Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу. 2016-жылы Кыргыз футболун алга сүрөгөн Александр Крестининдин улуттук кураманын башына келгенине 2 жыл болгондо Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга илинген. Бул көрсөткүч менен Латвия, Эстония, Армения, Финляндия жана башка командаларды артка калтырган. Рейтингде ордун бекемдөөгө "Ак шумкардын" Иордания, Тажикстан, Казакстан сыяктуу командаларды жеңип алганы себеп болгон. 2018-жылы футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч менен Кыргыз курамасы 40 тепкичке өйдө көтөрүлүп, апрель айынын эң мыкты командасы аталган. 2018-жылы Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларынан ашып өттү. Үй-бүлөлүү, Елена Крестинина аттуу жубайы жана 2 уул, 1 кызы бар. Кенже уулу Семён август айында 1 жашка толду.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан