4- Сентябрь 1985 -жылы өзбекстандык ырчы Лола төрөлгөн
Өзбекстандык ырчы жана актриса Лола Юлдашева Ташкент шаарында төрөлгөн. Көбүрөөк Лола аты менен таанымал болгон өзбек ырчысы алгач атактуулукка "Махабатым" ("Моя любовь") аталышындагы ыры менен жеткен. Ошондой эле ал 2001-жылы "Потерялись" ырын ырдап чыгып Өзбекстанга атагы тараган. Лола өзбек жана орус тилинде ырдайт. Атасы - Равшанбек Юлдашев, энеси - Гүлнара Юлдашева. Лола - бир туугандарынын эң улуусу, иниси - Руслан жана Анора менен Ассал аттуу сиңдилери бар. Атасы Равшанбек Юлдашев ырчынын курбусу, кесиптеши болгон ырчы Шахзоданы 2-аялдыкка алган. Ушундан кийин курбулардын ортосундагы мамиле сууй түшкөн. Лола өзбек басылмаларына берген билдирүүсүндө: "Түшүнүксүз жана күтүлбөгөн абал болгонуна карабастан, бул тагдыр экенине Шахзода экөөбүз тең моюн сундук, азыр ал жөнүндө эстөөнүн кереги жок. Өткөн иш өттү, кетти", - деген. Ошондой эле ал учурда Шахзоданы жакын курбусу катары санай турганын, ал тургай үй-бүлө мүчөсү катары кабыл ала турганын айткан. Ырчы Шахзода менен Равшанбек Юлдашевдин ортосунда Халид аттуу уулу бар, экөө учурда эки уулдуу (Шахзоданын биринчи никесинен Салих ысымдуу уулу бар) тарбиялап келет. Ырчы кичинекей кезинен тарта ырдоого кызыгып, 11 жашынан тарта сахнага кадам таштай баштаган. Лола 2004 жана 2005-жылдары катары менен мыкты сахна костюму деп тандалып "Тарона" сыйлыгына татыган. Ошол эле жылы (2005) "Тарона" сыйлыгынын "Мыкты ырчы" номинациясын багынткан. Өзбек эстрадасынын эң алдыңкы жылдыздарынын бири катары таанылып, эл оозунан түшпөй, мыкты жетишкендиктерди багынтып турган кезинде сүйүүсүнө жолугуп, капыстан эле турмуш жолуна аттанат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы карьерасын убактылуу токтотуп, 2011-жылы шоу-бизнеске кайтып келген. 2016-жылы "Я вода" ырына дүйнөнүн эң кооз жерлерине барып клип тарттырып, ошол эле жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында көрүүчүлөрүнө концерт берген. "Кантейин" ("Netayin") (2002), "Махабатым" ("Muhabbatim") (2004), "Бактымды таптым" ("Topdim baxtimni") (2005), "Imkon ber" (2010), "Сага" ("Senga") (2011), "Сагындым" ("Sogʻindim") (2012), "Кел" (2014) жана башка чыгармалары бар. Лола ырчылыктан тышкары өзбекстандык режиссёрлордун бир нече тасмаларында образ жараткан. 2003-жылы "Севинч" тасмасына ырчы Шахзода менен чогуу катышып мактоого арзыган, ошол эле учурда сын-пикирлерди айткандар да болгон. 2003-жылы "Севинч" тасмасында Севинчтин, 2005-жылы "Приезжий жених" комедиясында Зейнептин, "Сыйкырчыда" Рухшонанын, "Любовь моя - боль моя" тасмасында Лоланын, "Необыкновенные мечты" фильминде Саманын образын жараткан. 2005-жылы Шохрух аттуу жигитке турмушка чыгып, ырчы 2014-жылы жолдошу менен ажырашкандыгын массалык маалымат каражаттарына билдирген. Өзбек маалымат булактарынын жазганына караганда, жолдошу Шохрух 2016-жылы 16-январда башкага үйлөнгөн. Шохрух менен Лоланын ортосунда бир уул (Шохдиёр), бир кызы бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан