Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу" наамынын ээси, Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу",
Дүйнө чемпиондугунун 2-тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы 17-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Оттук айылында туулган.
2018-жылдын 1-апрелинде Таиланддын Суперлигасынын финалдык беттештери орун алган. Анда Оңолбек Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен күч сынашып, 3 партияга созулган беттеште "Эйр Форс" командасы 3:0 (партиялар боюнча 25:22, 25:12, 25:20) эсеби менен жеңишке жеткен. Ал эми Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталган.