22- Август 1988 -жылы 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда символдук команданын курамына кирген орусиялык футболчу Артём Дзюба төрөлгөн
Орусиялык футболчу Артём Дзюба Москвада төрөлгөн. Учурда Санкт-Петербургдун "Зенит" футболдук командасынын жана Орусия курамасынын чабуулчусу, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери. Орусия Кубогунун 2 жолку (2014, 2016), Орусиянын Суперкубогунун 2 жолку (2015, 2016) ээси, 2016-жылкы Европа чемпиондугунун жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу. Атасы Сергей Дзюба украин, апасы Светлана Александровна чувашиялык болгон. 1992-жылы туулган Ольга аттуу карындашы бар. Артём Дзюба 8 жашында Москвадагы "Спартак" футбол академиясына машыктыруучу Александр Ярцевдин чакыруусу менен келип, ийгиликтерди жаратып Евгений Сидоровдун сунушу менен негизги курамда ойной баштаган. 2015-жылы 6-февралда Дзюба санкт-петербургдук "Зенит" футболдук командасы менен келишим түзүп, командага 1-июлда кошулуп, жылдык акысы 3 миллион 300 миң еврону түзгөн. 2009-жылы Орусиянын жаштар курамасына чакыруу алган. Анда Дзюба 9 оюн өткөрүп атаандашынын дарбазасына 4 гол киргизген. 2011-жылы Орусиянын экинчи курамасына кабыл алынып, ошол эле жылы ноябрь айында негизги курамага кирип, Греция менен болгон беттеште улуттук команданын курамында ойногон. Улуттук команданын курамында 2-беттешин 2012-жылы АКШнын курамасына каршы өткөргөн. Мыкты ийгиликтерди жаратып 2016-жылы Францияда өткөн Европа чемпиондугунда Орусия курамасында бардык беттештерде оюн көрсөткөн. Бирок Орусия мелдештин плей-офф баскычына өтпөй калган. 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабия курамасы менен болгон беттештин 70-мүнөтүндө Фёдор Смоловдун ордуна чыгып, бир мүнөттөн кийин атаандашынын дарбазасына гол киргизген. Аталган чемпионатта 3 жолу гол киргизип, 2 ирет топту натыйжалуу чыгарып берген. Чемпионаттын жыйынтыгында Дзюба 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнө алган 11 футболчудан турган символдук команданын курамына Денис Черышев экөө кирген. Ошондой эле чемпионат учурундагы атаандашынын дарбазасына киргизген голу 11 мыкты голдун катарына кирген. Үй-бүлөлүү, Никита аттуу уулу бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан